Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Украина: Аскердик абалдан улам он аймакта шайлоо болбойт


Украинанын аскердик техникасы аскердик абал киргизилген аймактарда жүрөт.
Украинанын аскердик техникасы аскердик абал киргизилген аймактарда жүрөт.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн аскердик абал киргизилген он облусунда жергиликтүү шайлоолорду өткөрбөй туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Билдирүүдө мындай чечим мыйзамда аскердик абал учурунда президенттик, парламенттик жана аймактык шайлоолорду өткөрүүгө тыюу салынганына ылайык кабыл алынганы айтылат. Декабрь айында аталган аймактарда жергиликтүү деңгээлдеги 60 шайлоо өнөктүгү өтмөк.

Мунун алдында Украина парламенти – Жогорку Рада 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү колдоду. Бул боюнча жарлыкка президент Петро Порошенко кол койду. Украинанын Орусия менен чектешкен аймактарында 26-ноябрдан 26-декабрга чейин аскердик абал жарыяланган.

Киев 25-ноябрда Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны “агрессия” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 суучулун кармап кетип, баарын эки айга камаган. Орусия болсо окуяны чагым деп баалаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG