Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн насыянын көлөмү 300 млн долларга чукулдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишке кирген төрт жылдан бери ири, орто жана кичи 1611 долбоорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонд кабарлады.

Жалпысынан 287,2 млн. доллар насыя берилди.

Каржыланган долбоорлордун 55% айыл чарба, өндүрүш жана кайра иштетүүгө багытталган. Фонд насыяларды 13 коммерциялык банк аркылуу берип келет.

Фонд 2014-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришинин алгачкы этабындагы интеграция процесстерине көмөк көрсөтүү максатында Орусиянын жардамы менен түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 500 млн. долларды түзөт, жалпы 1 млрд. доллар бөлүнөрү кабарланган.

Быйыл жыл башында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары фонддун иши бюрократташып кеткенин сынга алып, анын ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну демилгелешкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG