Кыргызстан менен Европа Биримдигинин тереңдетилген кызматташтык боюнча жаңы келишиминин 90 пайызы даярдалды. Бул тууралуу ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, келишимди даярдоодо айрым маселелер боюнча суроолор ачык калып жатат. Петер Буриан аны 2019-жылдын январь айындагы сүйлөшүүлөрдө дагы макулдашабыз деп пландап жатканын кошумчалады.
Буриан азыркы учурда ачык калып жаткан маселелердин арасында эл аралык келишимдер, соода-экономикалык жана визалык тармакта экенин ачыкка чыгарды.
Жаңы келишимге ЕБдин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерининин кийинки жылдын ортосундагы Бишкекке сапарынын жүрүшүндө кол койуу пландалып жатканын ЕБнын атайын өкүлү маалымдады.
Буриан жаңы келишимде экономикалык байланыштарга маани берилерин, ошондой эле шайлоо, укуктун үстөмдүгүн орнотуу жааттарда эки тараптуу иш алып барылып жатканын кошумчалады. (BkA)