Жалал-Абад облусунун Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында өткөн рейд учурунда баалуу дарактарды кыюу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, рейд учурунда грек жаңгагынын уюктарын жана кесилген тактайларын машинасына жүктөп бараткан К.Ш. аттуу жаран кармалган. Ага карата “өзгөчө баалуу дарактарды кыюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга, өстүрбөй зыян келтирүүгө, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдарды жасоого, экспорттоого тыюу салынат. (КЕ)