Жалал-Абад шаарындагы мектептердин бириндеги "Кызга 40 үйдөн тыюу" деп аталган дубалдагы жазуу Интернетте кызуу талкуу жаратты. Укук коргоочулардын пикиринде, эреже түрүндө жазылган 40 пункттан турган тизмеде кыздардын укуктарын басмырлаган, гендердик теңдикти одоно бузган жазуулар да бар.
Тизмеде кыздар "жылаң баш жүрбөйт", "кечкисин үйдөн чыкпайт", "эркектерге жанашпайт", "күйөөсүнүн тилинен чыкпайт" деген жазуулар менен кошо "чалкалап жатпайт", "бутун бутуна ашырып отурбайт" деген да эрежелер бар.
Айрым Интернет колдонуучулар бул эрежелер мусулмандарга гана тиешелүү дешсе, башкалары светтик мамлекеттеги мектепте мындай эрежелердин илинип турушу ойго сыйбаган көрүнүш экенин айтышууда. (KR)