Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:26

Сот реформасына мониторинг жүргүзгөн жумушчу топко бир да укук коргоочу кирген жок


Укук коргоочу Рита Карасартова
Укук коргоочу Рита Карасартова

Сот реформасына мониторинг жүргүзгөн жумушчу топко бир да укук коргоочу кирген жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" укук коргоочу Рита Карасартова кабарлады.

- "Сот реформасы боюнча алгылыктуу кадамдар" жөнүндө президенттин жарлыгы чыккан. Жарлыктын 6-пунктунда Коопсуздук кеңешинин секретариатына байкоо жүргүзгөн топту түзүү бекитилген. Алар жумушчу топ түзүшүптүр, бирок ал жерге сот реформасына байкоо жүргүзүп келген бизди киргизбептир. Бул баягы эле саясий оюндар. Эгер бийлик чынында эле реформа туура болуп жатабы дегенди билгиси келсе, анда ушул тармакта дайыма иштеп жүргөн укук коргоочуларды кошмок. ПРООН, башка эл аралык каражат берүүчү уюмдар тарабынан мониторинг жүргүзгөн топко жакында ири каражат келет. Алар мына, биз мониторинг жүргүзүп атабыз деп туруп эле биздин аткаминерлер акча алып алат. Бул көз боёмочулук.

Рита Карасартова жумушчу топтун курамын баягы эле тааныштар аркылуу кирген кишилер түзүп, мониторинг жүргүзүмүш болуп, натыйжада карапайым жарандарга эч кандай пайдасы тийбеген бир ордунда турган реформага айланарын кошумчалады.

Быйыл май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген. (KR)

XS
SM
MD
LG