Украина аскердик абал учурунда Орусиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркек жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу президент Петро Порошенко билдирди. Анын 30-ноябрда “Твиттерге” жазганына караганда, бул чектөө украин жергесинде жеке “жалданма аскерлерди” түзүүнү токтотуу максатында киргизилди.
Украинада аскердик абал 25-ноябрда Керч кысыгында Украина менен Орусиянын кемелеринин ортосундагы жаңжал чыгып, Украинанын үч кемеси жана 24 деңиз аскери кармалгандан кийин киргизилген.
Алар 29-ноябрда Москванын "Лефортово" түрмөсүнө жеткирилди.
Деңиздеги окуяны Киев “агрессия”, ал эми Москва “чагым” деп баалаган. Кремлдин көз карашында аскерлер чек араны бузуп киргенден кийин кармалган.
Москва Украинанын чыгышындагы 2014-жылдан бери 10 300 адамдын өмүрүн алган урушта өкмөткө каршы чыккан орусиячыл жикчилдерди колдоп келе жатат.