Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Бишкектин тургундарын тоногон балдар кармалды

Кармалган балдардын үйүнөн табылган буюмдар.
Кармалган балдардын үйүнөн табылган буюмдар.

Бишкек шаарында адамдарга тапанча такап, тоноп жүргөн 18 жаштагы төрт бала кармалды. Бишкек милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, алардын жашаган жерин тинтүү маалында тапанча, союл, бир нече беткап менен гашиш табылган.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургуну 27-ноябрда милицияга арыз менен кайрылып, көчөдөн бейтааныш төрт бала тапанча такап, 18 миң сомдук телефонун тартып алганын айткан.

Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен төртөө тең №1 тергөө абагына киргизилди. Алынган буюмдар экспертизага жөнөтүлдү. Тергөө уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG