Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:52

Өмүркулов: Өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калды


Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өкмөттүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ишин жетишсиз деп баалап, сынга алды. Ал өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калып, тышкы социалдык түйүндөр балдардын аң-сезимине чейин таасир берип жатканын кошумчалады.

- Буга өтө олуттуу мамиле кылуу керек. Окумуштууларыбызды илимий жактан көмөктөшүүгө тартуу, тиешелүү кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү, теле-радио аркылуу каршы аракеттерди көрүү, заманбап жабдууларды сатып алуу, өнөктөш өлкөлөр менен бул жаатта кызматташуу сыяктуу комплекстүү чаралар көрүлүшү кажет.

Фракция 30-ноябрда өкмөттүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту. Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Улуттук коосуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев баяндама жасашты. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG