Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Киберкоопсуздук боюнча стратегия иштелип чыкты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстан маалыматтык коопсуздук концепциясын жана Киберкоопсуздук боюнча стратегияны иштеп чыкты. Учурда ал мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 30-ноябрдагы жыйынында айтылды.

Депутат Айнура Осмонова Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугу концепция деңгээлинде эмес, улуттук доктрина болушу керектигин баса белгиледи. Депутат Дастан Бекешев кандайдыр бир Интернет сайтты, баракчаны же аккаунтту жабуу боюнча соттун чечими чыкса, аны дароо жабууга техникалык мүмкүнчүлүк жоктугун тактады.

Жыйында бул маселелерге байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга дагы түзөтүүлөр киргизиле турганы айтылды.

"Freedom House" эл аралык укук коргоо уюму Интернеттеги эркиндик деңгээлин аныктаган жылдык баяндамасын жарыялады. Андагы рейтингде Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, «Интернети жарым-жартылай эркин» мамлекеттердин катарына кирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG