Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:43

Аба ырайы: кар жаайт


Бишкек.

Чукул билдирүү

1-2-декабрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Суусамыр өрөөнүндө 17…-22, күндүз -8…-13;

Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…-7, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз +3…+5 градус болот.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG