Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Казакстанда активист төрт жылга соттолду


Активист Асат Абишев
Активист Асат Абишев

30-ноябрда Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына мүчө болгон деп айыпталган активист Асат Абишев төрт жылга соттолду. Абишевди Алматынын Алмалы райондук сотуна өкүмдү угузуу үчүн күч менен алып келишти. Ал эртең менен сот отурумуна катышуудан баш тарткан.

Активист сотко келер менен аны алдап алып келишкенин журналисттерге маалымдады. Судья Ернар Касымбеков өкүмдү окуп жаткан кезде активисттин адвокаты Гүлнара Жуаспаева да болгон жок.

Соттогу акыркы сөзүндө Асат Абишев "эл жакыр, ошондуктан демократиялык реформаларды жасоо зарыл" деди. Ал өзүнүн иш-аракетинде экстремизмдин белгилери жок экенин, “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы бийликти күч менен алмаштырууга чакырбай турганын да айтты.

41 жаштагы Абишев Кылмыш кодексинин "тыюу салынган уюмга мүчө болуу", "кылмыштык топту каржылоо" беренелери менен айыпталган.

Астананын соту быйыл 13-мартта бозундагы саясатчы Мухтар Аблязов жетектеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын экстремисттик деп тыюу салган.

XS
SM
MD
LG