Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

“Чоң жетинин” министрлери Орусияны украин аскерлерин бошотууга чакырды


Крымдагы орус аскерлери.
Крымдагы орус аскерлери.

“Чоң жетинин” тышкы иштер министрлери Орусияны аннекцияланган Крым жарым аралындагы Кара деңизде Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткени үчүн айыптады.

Канаданын, Франциянын, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Жапониянын жана Италиянын тышкы иштер министрлери тараткан билдирүүдө Орусиянын украин кемелерине каршы "аскер күчүн" пайдалануусу такыр актоого болбой турган кадам. Министрлер тараптарды сабырдуулукка жана карама-каршылыкты күчөтпөөгө чакырган. Ошондой эле Москваны кармалган деңиз аскерлерин дароо бошотууга үндөгөн. Аталган билдирүүдө Крымдын Орусия тарабынан аннекцияланышын “Чоң жети” эч убакта тааныбай турганы да эскертилген.

25-ноябрда Орусия Азов деңизи менен Кара деңизди байланыштырган Керч кысыгында Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткен. Аскерлер эки айга камалып, Москванын "Лефортово" түрмөсүнө жеткирилди.

Буга байланыштуу Украина 28-ноябрда Орусия менен чектешкен он аймагында аскердик абал жарыялаган.

XS
SM
MD
LG