Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Буэнос-Айресте “Чоң жыйырманын” саммити ачылды


“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Буэнос-Айрес, Аргентина. 30-ноябрь, 2018-жыл
“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Буэнос-Айрес, Аргентина. 30-ноябрь, 2018-жыл

30-ноябрда Аргентинанын президенти Маурисио Макри саммитти ачып жатып, уюмдун мүчөлөрүн эл аралык кызматташтыкты колдоого чакырды. Анын айтымында, экономикалык державалар чогулган жыйындын күн тартибинде адамдарды жумуш менен камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү, финансылык туруктуулук, климаттын өзгөрүшү жана эл аралык соода алакасы маселелери бар.

“Чоң жыйырманын” түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына туура келген саммит дүйнөнүн эң ири экономикасы Кытай менен АКШнын соода тиреши күчөп, бири-бирине миллиарддаган долларга тарифтерди көтөргөн шартта өтүп жатат. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу ишембиге белгиленген.

Саммитте эки тараптуу жолугушууларда саясий суроолор да талкууланары күтүлүп жатат. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммад ибн Салман менен журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшүн талкуулоо ниети бар экенин айтты. АКШнын атайын кызматтары 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон журналист Жамал Хашогжини "өлтүрүүгө тактынын мураскору буйрук берген болушу мүмкүн" деп билдирген.

Саммитте көңүл акыркы аптада тиреши күчөгөн Украин-Орусия мамилесине, Керч кысыгындагы жаңжалга бурулары да айтылууда. Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда Керч кысыгындагы кырдаалды козгой турганын буга чейин билдирген.

Эл аралык жыйындын алкагында орус президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин да жолугушуусу өтөт.

“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.

XS
SM
MD
LG