Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Samara.kg сайты боюнча УКМК иликтөө жүргүзгөн эмес


Kloop.kg 2017-жылдын 20-декабрында жарыялаган макала.
Kloop.kg 2017-жылдын 20-декабрында жарыялаган макала.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чуулгандуу samara.kg сайтына байланыштуу иликтөө жүргүзгөн эмес.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Мамлекеттик каттоо кызматы бул жаатта өзү иликтөө жүргүзүүгө киришкендиктен, УКМК алардын ишин кайталаган жок" , - деп маалымдады.

Ал тапта kloop.kg сайты УКМК samara.kg сайтынын президенттик шайлоодо тымызын колдонулганы боюнча иликтөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы журналисттерге сунушталарын дээрлик бир жылдан бери айтып келгенин жазды.

Samara.kg сайты 2017-жылдагы президенттик шайлоо маалында шайлоочуларды каттаган жеке система экенин, ал Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде жайгашканын kloop.kg маалымат сайты жарыялаган. 2017-жылдын 26-октябрында чыккан иликтөөдө Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу кабарланган. Анда бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы айтылган. Ал сайт үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганы жазылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул макалада айтылгандар далилденген жок деп, kloop.kg сайтынын үстүнөн УКМКга кайрылган. Андан соң макаланын автору Ринат Тухватшин атайын кызматка күбө катары суракка да чакырылган. 22-декабрда журналисттер samara.kg сайтына байланыштуу иликтөөнүн экинчи бөлүгүн да жарыялашкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо былтыр 15-октябрда өтүп, КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG