Республикалык СПИД борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ-илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашты, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Адистер бул сан расмий эмес эсепте эки эсе көп болушу ыктымал экенин айтышат. Дарт менен каттоого алынгандардын арасынан 1873 адам көз жумган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам жайылып бараткан 25 мамлекеттин тизмесине кирет. Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган.
1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү.
Ушул тапта дүйнөдө СПИДге алып келүүчү ВИЧ вирусун жуктурган кишилердин жалпы саны 37 миллионго чамалап калды. Анын эки миллиондон көбү бойго жете электер. Мындай статистикалык маалымат БУУнун Балдар уюму - ЮНИСЕФтин былтыркы баяндамасына камтылган.
Бишкек шаарындагы "Ololo House" борборунда 29-ноябрда "Көрүнбөгөн аялдардын кыялы" көргөзмөсү ачылды. Анда ВИЧ илдетине чалдыгып, оор тагдырга кабылган 16 аялдын портрети коюлган.
Кыргызстандагы ооруканаларда дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ жугуп калган балдар тууралуу фильм: