Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү сунушталды


2017-жылдын августунда Чолпон-Ата кыргыз күрөшүнөн өткөн мелдеш.
2017-жылдын августунда Чолпон-Ата кыргыз күрөшүнөн өткөн мелдеш.

Кыргыз күрөшү ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кириши керек.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 30-ноябрда Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиевди кабыл алган учурда айтты. Парламенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө тараптар бул демилгени ишке ашыруу үчүн бүт аракеттерди жумшары айтылат.

Кыргыз күрөшү федерациясынын бир катар өлкөлөрдө филиалдары ачылып эл аралык федерация макамына ээ болгон. 2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландалууда. Федерация президенти Жогорку Кеңештин төрагасынан мындай олуттуу мелдешти өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Кыргызстанда белбоо күрөшүнүн үч түрүү кеңири тараган. Алар - кыргыз күрөшү, алыш жана Лейлек күрөшү.

XS
SM
MD
LG