Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Жалал-Абадда “Startup” борбору мигранттарды ишкердикке окутат


Разия Ормонова (сары кийимчен) маалымат жыйыны учурунда.
Разия Ормонова (сары кийимчен) маалымат жыйыны учурунда.

Жалал-Абад шаарындагы “Startup” борбору ишкердүүлүк мектеби аркылуу бизнеске идеясы бар жаштарды жана мигранттарды ишкердүүлүк багытында окутат. Бул тууралуу борбордун менеджери Разия Ормонова билдирди.

- Чет жактарда иштеп, каражат чогултуп, Кыргызстанда аны кантип иштетүүнүн жолун таба албай жаткан мигранттарга кол сунуп жатабыз. Акчасы, идеясы бар мигранттар жана демилгелүү жаштарга кантип бизнес баштоо сырларын үйрөтүп, ишкерлер менен алака түзүүгө шарт түзүп бергибиз келет. Учурда ишкердүүлүк мектебине кабыл алып жатабыз, январь айынан тарта окутуулар башталат,- деди Ормонова.

“Startup” борбору 2016-жылы Жалал-Абад шаарында уюштурулуп, буга чейин үч ирет бизнес окутууларды жүргүзгөн. Алар 200гө жакын жаш ишкерлерге бизнес сырларын үйрөткөнүн маалымдашкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG