Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:56

Улуу Жорж Буш дүйнө салды


Жорш Буштун 2012-жылы тартылган сүрөтү.
Жорш Буштун 2012-жылы тартылган сүрөтү.

АКШнын мурдагы президенти, улуу Жорж Буш 94 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматына таянып, ТАСС агенттиги ишембиде кабарлады.

Маалыматта ал 30-ноябрда акка моюн сунганы жазылган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан өтөрү тууралуу азырынча айтыла элек. 

АКШнын 41-президенти Жорж Буш беш баланы тарбиялаган, 17 небереси, сегиз чөбөрөсү бар.

Буштун жубайы Барбара Пирс да быйыл көз жумган. Алардын тун уулу кичи Жорж Буш АКШнын 43-президенти болгон. Дагы бир уулу Жеб Буш Флорида штатынын губернаторунун милдетин аркалаган. 

Маркум соңку жылдары паркинсон оорусунан жабыркап, майыптар арабасында жүргөн. 

 

XS
SM
MD
LG