Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

G20 саммити: Путин Трамптын ордуна Эрдоган менен жолугушат


“Чоң жыйырманын” Аргентинада өтүп жаткан саммитинин экинчи күнү лидерлердин эки тараптуу жолугушуулары менен коштолот.

Байкоочулардын көңүлүн АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай төрагасы Си Цзинпиндин түшкү тамак маалындагы жолугушуусу буруп турат. Тараптар бири-бирине каршы коюлган соодадагы чектөөлөр маселесинде сүйлөшөт. Мурдараак Трамп Кытай менен "жакшы макулдашууга" үмүт этерин билдирген.

1-декабрда Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукмак. Бирок бир күн мурда АКШнын мамлекет башчысы бул кездешүүдөн баш тарткан. Ал буга Керч кысыгындагы жаңжал, Орусия Украинага кемелерин жана деңиз аскерлерин кайтарып бербей жатканы себеп болгонун айткан.

Кремл жолугушуунун ишке ашпай калганына өкүнөрүн билдирген. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болбой калган сүйлөшүүнүн ордуна орус мамлекет башчысы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен кезигерин маалымдады. "Анүстүнө муну Сирия иши да талап кылап жатат", - деп кошумчалады Песков.

Путин саммит учурунда Германиянын канцлери Ангела Меркел, Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугары кабарланган.

“Чоң жыйырманын” түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына туура келген саммит 30-ноябрда Буэнос-Айресте ачылган. Ачылуу салтанатында Трамп менен Путин кол алышпаганы байкоочулардын көңүлүн бурган.

“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн, өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.

XS
SM
MD
LG