Парижде полиция күйүүчү майга салыкты көбөйтүүгө каршы чыккандарга көздөн жаш чыгарган газ колдонду.
"Сары кемселчен" аталган демонстранттар менен кагылышуу учурунда 16 адам кармалды. Агенттиктердин 1-декабрдагы маалыматына караганда, полиция чогулгандарды Елисей талаасына көздөй баруусуна жол берген эмес.
Ички иштер министри Кристоф Кастанер ишемби күнү Елисей талаасына келип, тартип сакчылары менен сүйлөшкөнү, аларды колдой турганын билдиргени маалымдалууда.
Салыктын көтөрүлүшүнө каршы нааразылык Франциянын дээрлик бардык аймактарында бир канча жумадан бери уланып .
Акциялар француз бийлигинин 2019-жылдан тарта күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатуу тууралуу чечиминен кийин башталган. Париж салыкты көтөрүү чечимин абанын булганышына каршы чара деп түшүндүрүүдө. Буга чейин ондогон адам камалган.
17-ноябрда Парижде акцияга чыккандар президенттин имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Полиция анда да көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон. Акцияда бир аял каза болуп, бери дегенде 220 адам жараат алган.