Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:36

Бишкектин көчөлөрүнө ала качууга каршы "көшөгө" илинди


Элдин кызыгуусун жараткан "көшөгөлөрдүн" бири
Элдин кызыгуусун жараткан "көшөгөлөрдүн" бири

Бишкектин көчөлөрүнүн 17 жерине ала качуу аркылуу мажбурлап турмушка узатылган кыздардын тагдырлары жазылган "көшөгө" илинди. Аны Kloop.kg маалымат сайты өнөктөштөр менен бирге уюштурду.

Сайттын өкүлү Улукбек Акишев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бул долбоор "Мен "ооба" деген эмесмин" деп аталат. "Көшөгөлөр" 30-ноябрда кофеканалардын сыртына, көпүрөлөргө жана эл көп чогулган жерлерге илинген.

Долбоорду ишке ашыргандар статистикага таянып билдиргендей, Кыргызстанда ар бир он жетинчи кыз ала качууга туш болот.

Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча күнөөгө жыгылгандар жети жылга чейин абакка кесилет. Кылмыш-жаза кодексине мындай өзгөртүү 2013-жылы киргизилген.

Kloop.kg баштаган атайын долбоордун маалыматында "андан бери милицияга 900дөй арыз түшкөнү, анын 18% боюнча кылмыш иши ачылып, 28 гана иш сотко ашканы" жазылат.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон.

XS
SM
MD
LG