Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү 30-ноябрдан тарта аймактарды кыдырып, эл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда.
7-декабрга чейинки иш сапар алкагында алар эл ичиндеги диний абал, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байкоо салып, калктын суроолоруна жооп беришет.
Расмий эсепте Кыргызстанда калктын 80 пайыздан ашууну Ислам динин карманат. Соңку жылдары бийлик диндин радикал агымдарына азгырылгандарга каршы күрөштү жанданткан.
Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, дин кызматкерлеринин бир апталык иш сапары Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулган.