Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Парижде полиция нааразылыкка чыккан жүздөн ашуун кишини кармады


Парижде полиция 1-декабрда нааразылыкка чыккан жүздөн ашуун кишини кармады. Франция баш калаасында протестанттардын каршылык акциясында бир канча автоунаа өрттөлдү. Күч кызматкерлерине сары боёк куюлган бөтөлкөлөр ыргытылганын RFI маалымдады.

Полиция аларга каршы дубинка, көздөн жаш чыгарган газ колдонуп, суу чачып таратууга аракет кылды. Кагылышта бери дегенде 20 адам жараланганы, алардын алтоо тартип сакчылары экени кабарланууда.

"Le Parisien" басылмасы полиция департаментине таянып билдиргендей, 115 киши кармалды. Өкмөт башчы Эдуар Филипп Париждеги акцияга беш жарым миң киши чыкканын, башка шаарларда отуз миңдей адам чогулганын билдирди. Митингдер Страсбург, Канны, Марсель жана башка калааларда да болууда. Ниццада жүздөгөн протестанттар аэропортко барчу жолду убактылуу бууп алышты.

Ишемби күнү ички иштер министри Кристоф Кастанер Елисей талаасына барып, полицияны колдорун билдирген.

Акциялар француз бийлигинин 2019-жылдан тарта күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатуу тууралуу чечиминен кийин башталган. Париж салыкты көтөрүү чечимин абанын булганышына каршы чара деп түшүндүрүүдө. Буга чейин да ондогон адам камалган. Протестанттар өздөрүн "сары кемселчендер" деп аташат.

XS
SM
MD
LG