3-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз 1...6,
Баткен облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз -3...+2,
Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9° болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -8…-10, күндүз 2…4° болот.