Бүгүн (2-декабрь) Бишкектеги Ак-кула ат майданында Чүй менен Таластын көкбөрүчүлөрү күч сынашып жатат.
3-орун үчүн кармашта Чүйдүн Жайыл районунун улакчылары Таластын Кара-Буура районун 11:6 эсебинде утуп алды. Учурда эки облустан куралган ардагерлер кызыктыруучу байге үчүн оюн көрсөтүүдө.
Экинчи бөлүктүн жүрүшүндө Таластын ардагерлери 2:1 эсебинде алдыда келатат. Ал эми ардагерлерден соң финалдык оюн башталып, анда Талас жана Манас районунун көкбөрүчүлөрү ойношот.
Турнир 30-ноябрда башталып, жалпысынан 10 команда катышты. (SDz)