Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Францияда "чукул кырдаал" жарыяланышы мүмкүн


1-декабрдагы башаламандыктардан улам Францияда "чукул кырдаал" режими жарыяланышы ыктымал. Бул тууралуу "Europe1" радиосу аркылуу өкмөттүн расмий өкүлү Бенжамин Гриво билдирди.

"Биз кандай чара колдонушубуз мүмкүндүгүн ойлонушубуз керек",- деди Гриво.

Ыктымалдуу чукул кырдаал жаатында президент Эммануэль Макрон жекшемби күнү өкмөт башчы жана бир катар министрлер менен сүйлөшөрү кабарланды.

Парижде полиция 1-декабрда нааразылыкка чыккан жүздөн ашуун кишини кармаган. Франция баш калаасында протестанттардын каршылык акциясында бир канча автоунаа өрттөлгөнүн, күч кызматкерлерине сары боёк куюлган бөтөлкөлөр ыргытылганын жергиликтүү агенттиктер жазышты.

Полиция аларга каршы дубинка, көздөн жаш чыгарган газ колдонуп, суу чачып таратууга аракет кылган. Кагылышта бери дегенде 20 адам жараланганы, алардын алтоо тартип сакчылары экени кабарланууда.

Өкмөт башчы Эдуар Филипп Париждеги акцияга беш жарым миң киши чыкканын, башка шаарларда отуз миңдей адам чогулганын билдирди. Митингдер Страсбург, Канны, Марсель жана башка калааларда да болууда. Ниццада жүздөгөн протестанттар аэропортко барчу жолду убактылуу бууп алышты.

Ишемби күнү ички иштер министри Кристоф Кастанер Елисей талаасына барып, полицияны колдорун айткан.

Өздөрүн "Сары кемселчендер" атаган протестанттардын акциясы француз бийлигинин 2019-жылдан тарта күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатуу тууралуу чечиминен кийин өткөн айда башталган. Париж салыкты көтөрүү чечимин абанын булганышына каршы чара деп түшүндүрүүдө. Буга чейин да ондогон адам камалган.

XS
SM
MD
LG