Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Ысык-Көлдө өзүнө кол салган кыз ооруканада жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-декабрь күнү Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында жанын кыюуга аракет кылган 18 жаштагы кыз ооруканада жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Усубакуновдун айтымында, сүйлөшкөн жигити кайтыш болгондон кийин кыз өз жанын кыюуга аракет кылган. Мойнуна жип илип жаткан маалда чоң ата, чоң энеси көрүп, өлүмдөн алып калышкан. Андан соң кыз Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.(AsM)

XS
SM
MD
LG