Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

"Азаттыктын" казак кызматынын алгачкы кабарчысы көз жумду


Кыял Сабдалин, сүрөт 1990-жылдары тартылган.
Кыял Сабдалин, сүрөт 1990-жылдары тартылган.

"Азаттык" радиосунун Казакстандагы алгачкы кабарчысы, журналист Кыял Сабдалин 70 жашында Алматыда көз жумду. Бул тууралуу анын досу, журналист Жумаш Кенебай "Фейсбукка" жазды.

"Менин досум Кыял Сабдалин оор дарттан улам көз жумду",- деди ал.

1990-1994-жылдары Кыял Сабдалин "Эркин Европа - Азаттык" радиосунун Казакстандагы биринчи кабарчысы болгон. Андан соң радионун Алматыдагы бюросун жетектеген. Радиобаяндарда өлкөдөгү саясий, социалдык, экономикалык кырдаалды кабарлап турган. Андан тышкары, Батыш менен СССРдин ортосундагы тирешти, казак коомундагы радикалдуу өзгөрүүлөр, өлкө эгемендиги үчүн күрөштү чагылдырган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-декабрда Алматыда болот.

XS
SM
MD
LG