Бишкектеги Ак-Кула майданында өтүп жатка көкбөрү боюнча "Чүй-Талас ынтымагы" турниринин алкагында эки облустун ардагерлери бүгүн (2-декабрь) күч сынашты.
Ардагерлердин оюну кызыктыруучу байге үчүн өтүп, 4:1 эсебинде Таластын 40 жаштан ашкан улакчылары жеңди.
Чүй ардагерлеринин капитаны Көкбөрү федерациясынын мурдагы жетекчиси Канат Исаев болду. Ал эми Талас командасында Көкбөрү федерациясынын мурдагы өкүлү Талас Бегалиев капитан катары ойноду.
Учурда "Чуй Талас ынтымагы" турниринин финалдык оюну башталды. Анда Талас облусунун Кара-Буура жана Талас командалары күч сынашууда.
Түшкө чейинки оюндарда Чүйдун Жайыл району 3-орунду алган. Турнирдин жалпы байге фонду 1 миллион сом. Ал 30-ноябрда башталып, жалпысынан 10 команда катышты. (SDz)