Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Жорж Буштун сөөгү Техаста жерге берилет


АКШнын мурдагы президенти, Жорж Буштун сөөгү 5-декабрда Техаста өзүнүн ысымы ыйгарылган китепкананын аймагында жерге берилет. Китепкана Стейшн коллежине таандык. Бул тууралуу аталган окуу жайдын сайтында маалымдалды.

Буш жети ай мурда көз жумган жубайы менен 1953-жылы үч жашында учкан кызынын кабырларына жанаша көмүлөт. Сөөктү жерге берүү жабык өтөт. Ага маркумдун жакындары катышат, коллеждин студенттери, окутуучулары жана жумушчулары байкоо салса болору кабарланууда.

Ага чейин Буш менен коштошуу зыйнаты Вашингтондо - Капитолийде болот.

АКШнын 41-президенти, Жорж Буш 30-ноябрда 94 жашында дүйнө салды.

Анын уулу, кичүү Жорж Буш АКШнын 43-президенти болгон. Дагы бир уулу Жеб Буш Флорида штатынын губернаторунун милдетин аркалаган.

Маркум соңку жылдары паркинсон оорусунан жабыркап, майыптар арабасында жүргөн.

XS
SM
MD
LG