Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Көкбөрү: Талас району биринчиликти алды


Көкбөрү. Сүрөт архивден.
Көкбөрү. Сүрөт архивден.

Бишкектеги Ак-Кула ат майданында өткөн көкбөрү боюнча "Чүй Талас ынтымагы" турнирин Талас районунун улакчылары жеңип кетти. Алар 2-декабрда финалда Кара-Буура районунун көкбөрүчүлөрү менен кез келип, жалпы эсеп 6:2 менен жыйынтыкталды.

Үчүнчү орунду Чүйдүн Жайыл району алды.

Турнирдин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзүп, жеңүүчү 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болсо, экинчи орунду алган командага 150 миң, ал эми үчүнчү орунга 100 миң сом ыйгарылды. Андан тышкары мыкты оюнчу, мыкты ат жана башка багыттарда акчалай сыйлыктар берилди. 30-ноябрда башталган турнирге жалпысынан 10 команда катышты.

Аталган турнир буга чейин Талас облусунда өтүп, анда Сокулук жана Жайыл райондору алдыңкы эки орунду алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG