Израилдин тергөө органдары премьер-министр Беньямин Нетаньяху менен жубайы Сарага "паракорчулук", "көз боёмочулук" жана "коомдук ишенимди бузду" деген негизде айып тагууну сунуш кылды. Бул тууралуу "The Jerusalem Post" басылмасы жазып чыкты.
Мындай сунушка Израилдин башкы прокурору уруксат берген. Эми Башкы прокуратура Нетаньяхуга расмий айып тагууну же токтотууну чечет.
Премьердин үй-бүлөсү менен кошо жогорку кызматтагы бир катар аткаминерлер коррупцияга айыпталып жатат.
2014-2017-жылдары Нетаньяху өкмөт башында турганда байланыш министринин да милдетин кошо аткарган. Тергөөнүн версиясына ылайык, ошол маалда "Безек" компаниясына өкмөттүн ишин мыктылап чагылдырып бергени үчүн оңой киреше табууга жардам берген. "Безекти" премьердин эзелтен берки досу Шаул Елович жетектейт. Полиция аны сотко берүүнү сунуш кылды. Ошондой эле полиция премьердин уулуна каршы далилдердин жетишсиздигинен улам аны шектүүлөрдүн тизмесинен чыгарды.
Нетаньяху бардык айптарды четке кагып жүрөт. Ал полициянын жогорудагыдай сунушу "милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ эмес" деп түшүндүрдү.
68 жаштагы Беньямин Нетаньяху экинчи мөөнөтүн аркалап жатат, өкмөттү жалпысынан 12 жыл жетектеди.