Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

АКШ Ирандын өзөктүк сыноосун айыптады


Мамлекеттик катчы Майк Помпео басма сөз жыйынында, 20-ноябрь, 2018-жыл.
Мамлекеттик катчы Майк Помпео басма сөз жыйынында, 20-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын “өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жарамдуу” орто аралыкка учкан ракетаны сынаганын айыптады. Помпеонун 1-декабрдагы билдирүүсүндө айтылгандай, “мындай курал Европанын бир бөлүгүнө жана Жакынкы Чыгыштын кайсы жерине болбосун сокку урууга жөндөмдүү”.

“Бул сыноо БУУнун Коопсуздук кеңешинин өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жарактуу куралга байланыштуу бардык иш-аракетке тыюу салган 2231-резолюциясын бузат” – деп белгиленет.

Билдирүүдө 2015-жылкы эл аралык өзөктүк макулдашууга да шилтеме жасалат. Ал келишимден АКШ президент Дональд Тармп май айында чыгып кеткен.

Помпео Иранга «өзөктүк куралды жайылтып баратканын» эскертип, Тегеранды “мындай ишмердикти токтотууга” үндөдү. Мамлекеттик катчынын билдирүүсү Тегеран менен Вашингтон ортосунда тиреш күчөп турган маалда жарыяланды. АКШ буга чейин Иранга каршы токтотулган санкцияларын кайра киргизген.

XS
SM
MD
LG