Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

Макрон өкмөттү демонстранттар менен сүйлөшүүгө чакырды


Париж. 1-декабрь, 2018-жыл.
Париж. 1-декабрь, 2018-жыл.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон өкмөттү демонстранттар менен сүйлөшүүгө чакырды. Париждеги кырдаалга байланыштуу өлкө жетекчилиги жекшембиде чукул жыйын өткөргөн. Франциялык "France 24" телеканалы билдиргендей, ага премьер-министр менен ички иштер министри катышкан.

Башаламандыкка байланыштуу француз өкмөтү демонстранттардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү бүгүн, 3-декабрда баштаганы турат.

Буга чейин Париж полициясы күйүүчү майга салыктын көбөйүшүнө каршы чыккан демонстранттардын 412си кармалганын билдирген. 1-декабрдагы нааразылык учурунда 133 киши жабыркаган, анын 23ү полиция кызматкери.

Француз бийлиги 2019-жылдан тартып күйүүчү май үчүн салыкты көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алган. Париж муну абанын булганышына каршы чара катары түшүндүрүүдө. Өздөрүн "Сары кемселчендер" атаган демонстранттар бийликтин бул кадамына каршы чыгып, өткөн айда нааразылык акцияларын башташкан.

XS
SM
MD
LG