Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-декабрдан тартып Юстиция министрлигинин калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды. Анын алкагында министрликтин карамагындагы 24 укуктук жардам көрсөтүү борбору жана 12 координатор, облустук юстиция башкармалыктары, райондук мамлекеттик нотариалдык конторалар, коомдук уюмдар, адвокатуранын аймактык бөлүмдөрү өлкө ичинде жардам көрсөтүшөт.

Ошондой эле адвокаттар менен юристтер баш калаада жана аймактарда, калк көп чогулган жайларда жарандарга юридикалык кеңеш берет. Мындан тышкары өлкөнүн бардык ири окуу жайларында лекциялар өткөрүлүп, маалыматтык-агартуу материалдары таркатылат.

Он күндүктүн негизги максаты – калктын аялуу топторунун укуктук корголгондугунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү.

10-декабрга чейин созулган декаданы Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор өткөрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG