Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:33

Чаткалда кармалгандарды бошотууну талап кылгандар митингге чогулууда


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Райондун Терек-Сай айылынын тургундары 2-декабрда милиция кармап кеткен айыл тургундарын бошотуу талабы менен айылдын борборуна митингге чогулууда. Бул тууралуу айыл тургундары кабарлашты. Маалыматка ылайык, акцияга келгендер облустук ички иштер башкармалыгына "тергөөгө" деп алып кеткен 15 тургунун тез арада бошотууну жана аларга карата козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылышууда.

Буга чейин “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын аймагында жергиликтүү тургундар менен чыр чыккан. Ишкананы кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салганы кабарланган. Буга нааразы болгон жаштар чогулуп барганда качып баратып эки милиция кызматкери жабыркаган. Дал ушул иштин алкагында 2-декабрда Терек-Сай айылынын 15 тургунун тергөөнүн алкагында милиция алып кеткен.

Учурда акцияга чогулгандар буга чейин облустук бийлик өкүлдөрү милиция "эч кандай чара көрүлбөйт" деп убада бергенин айтып, бул убада аткарылбай жатканын айтышууда. Чогулгандар менен азырынча жергиликтүү милициянын жетекчилери жолугушуу өткөрүп жатышат. Ал эми Ички иштер министрлиги азырынча бул туурасында комментарий бере элек. (RsK/BkA)

XS
SM
MD
LG