Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

ИИМ Чаткалда милицияга кол көтөргөн 14 киши кармалганын ырастады


Терек-Сай кени.
Терек-Сай кени.

"Милиция кызматкерлерине кол көтөрдү" деген негизде Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрда райондун аймагындагы “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасынын аймагында 15 адам “Шумкар” атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген. Бул окуя боюнча 6-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Кызмат адамына кол көтөрүү” беренелери менен иш козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алтын иштеткен компаниядагы көзөмөл камералары талданган. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Терек-Сай айылынын 15 тургуну 2-декабрда облустук милицияга жеткирилип, он төртү убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Айыл тургундарынын милиция кармап кетишине нааразы болуп Терек-Сай айылынын айрым тургундары нааразылык акциясына чогулушкан. Алар камакка алынган 14 адамды бошотууну талап кылышууда.

Буга чейин “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын аймагында жергиликтүү тургундар менен чыр чыккан. Ишкананы кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салганы кабарланган. Буга нааразы болгон жаштар чогулуп барганда түшүнбөстүк жаралып, эки милиция кызматкери жабыркаган. (RsK/BkA)

XS
SM
MD
LG