Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Порошенко Батыштан аскердик колдоо сурады


Украин президенти Петро Порошенко аба күчтөрүнүн аскерлери менен жолугушууда. 1-декабрь, 2018-жыл.
Украин президенти Петро Порошенко аба күчтөрүнүн аскерлери менен жолугушууда. 1-декабрь, 2018-жыл.

Украин президенти Петро Порошенко Германия менен анын өнөктөштөрүн Кара деңиздеги аскерлерин көбөйтүүгө кайрадан чакырды. Ал 2-декабрда Германиянын "Funke Media Group" басылмасы менен болгон маегинде "биз Орусиянын агрессивдүү жүрүм-турумуна күчтүү, бирдиктүү жана так жооп кайтарышыбыз керек" деп айтты.

Порошенко Москва Украина менен чектеш аймактарына жоон топ аскерлерди жөнөткөнүн кошумчалады. Жекшемби күнү Киев да Азов деңизиндеги Мариополь портунда коопсуздук чараларын күчөтүп, бул шаарга кошумча танкаларды жөнөткөнү белгилүү болду.

25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизин байланыштырган Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Бул окуядан көп өтпөй украин парламенти өлкөнүн бир катар аймактарында 30 күндүк аскердик абал жарыялаган.

Москва "Керч кысыгында чагымчыл аракеттерге барды" деп Киевди айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG