Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Соцфонддун башчысы Медет Ирсалиевдин айтымында, 2019-жылга мекеменин бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд. 61 млн. 345 миң сом өлчөмүндө түзүлдү.
“2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Алардын 23 пайызы пенсиялык фондго, 2 пайызы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна, 2 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25 пайызы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерилет”, - деди ал.
Пенсиялык фонддун кирешелери 2019-жылы 49 млрд. 763 млн. 114 миң сом көлөмүндө пландалууда. Ал эми 2019-жылдын бюджет долбоорунда пенсияларды көбөйтүүгө 659 млн. 209 миң сом каралды.
Учурда Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен 21 миң аскер кызматкери пенсия алат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом болсо, орточо айлык 15, 7 миң сом. (КЕ)