Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

"Иш козголду" деген Жогорку соттун судьясына сөгүш гана берилди


Жогорку сот.
Жогорку сот.

"Азиз-активист Темирлан Ормоков тергөө абагына камалган учурда анын арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп айыпталган Жогорку соттун судьяларынын бири Арзыбек Акыевге кылмыш иши козголбостон, сөгүш гана берилди. Бул тууралуу Коомдук талдоо институту кабарлады. Институттун директору Рита Карасартова “Азаттыкка” билдиргендей, ал жетектеген уюмдун өкүлдөрү сот системасын мониторинг кылуунун жүрүшүндө Акыевге Соттор кеңешинин тартип комиссиясы сөгүш берген чечим менен таанышкан.

Башкы прокуратура Жогорку соттун судьяларына жана сот аппаратынын бир нече кылмыш иши козголгонун 2-июлда жарыялаган эле. Анда Жогорку соттун үч судьясы азиз активист Темирлан Ормуковдун арызы өз убагында каралбай, ал 12 күн камакта мыйзамсыз кармалганы айтылган. Бул кабардан соң Ормуковдун ишин Жогорку соттун судьялары Качыке Эсенканов, Каныбек Бокоев жана Арзыбек Акыев караганы белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде судьялардын жоопкерчилигин Соттор кеңешинин тартип комиссиясы карап, үч судьянын ичинен жараянга баяндамачы сот болгон Арзыбек Акыевге сөгүш берүү менен чектелген. Ал эми калган эки судьянын жоопкерчилиги каралган эмес.

Рита Карасартова мындай жаза мыйзамсыз экенин, Коомдук талдоо институту тартип комиссиясынын чечими боюнча иликтөө жүргүзөрүн билдирди.

Темирлан Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев милицияга арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Ал быйыл 11-майда гана абактан бошотулган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG