Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында “Жунда” мунай иштетүүчү заводуна пайдалануу үчүн сырттан ташылып келчү химиялык заттарды пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын жеринен иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлдү. Ага депутаттар Айтмамат Назаров, Алмасбек Акматов, Абылкайыр Узакбаев, Бакирдин Субанбеков, Мухтар Айнакулов, Экмат Байбакпаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.
"Жунда" заводу жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү, кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаганы айтылган.
Бул ишканага байланыштуу депутаттар мурун да маселе көтөрүшкөн. Жергиликтүү жашоочулар "ишканадан чыккан түтүн айлана-чөйрөгө зыяндуу эмес" деген расмий тыянакка макул болбой, иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылышкан. Жергиликтүү тургундар «Жунда» заводу мунайды кайра иштетишинен пайда болгон зыяндуу зат түнкү саат 12:00дөн кийин чыгаарын билдиришкен.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги шаардагы абаны жана топуракты текшерип, анын ишинен экологияга зыян келбегенин билдирген. Бирок жергиликтүү тургундардын бул ишканага нааразылыгы токтой элек. (КЕ)