Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

4-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шашылыш билдирүү

2018-жылдын 3-декабрында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда жана башка бийик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Аба ырайы

4-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7,

Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14 күндүз 2...7,

Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9,

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн абанын температурасы -8…-10, күндүз 4…6° болот.

XS
SM
MD
LG