Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

"Союз" кемеси космоско ийгиликтүү учурулду


Давид Сен-Жак, Олег Кононенко жана Энн Макклейн космоско учар алдында. 3-декабрь, 2018-жыл.
Давид Сен-Жак, Олег Кононенко жана Энн Макклейн космоско учар алдында. 3-декабрь, 2018-жыл.

"Союз" кемеси октябрь айындагы авариядан кийин биринчи жолу космоско учурулду. Үч космонавтты салган кеме 3-декабрда Бишкек убактысы боюнча кечки 5:30да Казакстандагы "Байкоңур" космодромунан ийгиликтүү учуп чыкты.

"Союз МС-11" кемеси алты жарым сааттан кийин Эл аралык космос станциясына жетет. Кеменин командири Олег Кононенко ушуну менен төртүнчү жолу космоско учуп жатат. Ал эми калган астронавттар: америкалык Энн Макклейн менен канадалык Давид Сен-Жакка биринчи жолу космостук станцияга жөнөштү.

11-октябрда ракета ташуучу «Союз МС-10» космос кемесин орбитага жеткире албай калган. Бортундагы космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг куткаруучу капсула менен Жерге аман-эсен конушкан. Авариянын себептери иликтенгиче эл аралык космос станциясына адамдарды учуруу убактылуу токтотулган.

XS
SM
MD
LG