Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Кыргызстанда "Манас" эпосунун күнү белгиленет

"Манас" эпосу.
"Манас" эпосу.

Кыргызстанда бүгүн, 4-декабрда "Манас" эпосунун күнү белгиленет. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, бул күнгө карата Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында салтанаттуу иш-чара өтөт.

“Манас” эпосунун күнү 2015-жылы 27-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Жогорку Кеңештин сунушунун негизинде, өкмөттүн токтому менен негизделген.

Башкы максат - эпосту сактоо, даңазалоо, "Манас" таанууну жайылтуу жана манасчыларды мамлекеттик колдоого алуу.

2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. (NT)

XS
SM
MD
LG