Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

УКМКда "Белизгейт" ишинен "жашыруун" грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлдү


"Белизден келди" деген документтер.
"Белизден келди" деген документтер.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) түзүлгөн комиссия “Белизгейт" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен "жашыруун" деген грифти алып салуу боюнча иштеп жатат.

Анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин материалдар Башкы прокуратурага жиберилет. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Буга чейин Башкы прокуратура "Белизгейт" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ошондуктан андагы “жашыруун” грифин алып салуу сунушталганы айтылган.

Мыйзам боюнча, аталган грифти алып салыш үчүн УКМК комиссия түзүп, чечим кабыл алышы зарыл.

27-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жума ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан «жашыруун» деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну суранышканы белгилүү болгон.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал сөз болуп жаткан документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.

Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатканын айткан. Депутат Исхак Масалиев "Сегизбаев парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн тез арада жоопко тартылышы керек" деген оюн билдирген.

Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатканын маалымдаган. (КЕ)

Гриф* - жашыруун маалыматтардын системалык классификациясы.

XS
SM
MD
LG