Ош базарында 3-декабрга караган түнү чыккан өрттүн чыгымы эсептелүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрт түнкү саат 11лерде тутанган. Тилсиз жоону өчүрүүгө алты бөлүм өрт өчүргүчтөр, милиция кызматкерлери тартылып түнкү саат 03:31де толугу менен өчүрүлдү. Баштапкы маалымат боюнча, өрт Бейшеналиев-Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кийим-кече сатылуучу контейнерде тутанып, болжол менен 500 чарчы метр күйгөн. Өрттүн себеби такталып жатат.
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ош базарында бир нече жолу өрт катталды. Базарга танапташ жайгашкан "Берекет" соода түйүнүндө быйыл 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метрден ашуун соода аянты күйгөн. Өрттүн кесепетинен 300дөй соодагер жабыркап, баштапкы эсеп боюнча келтирилген зыян бир нече миллион сомго барабар болгон. (BkA)