Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду.
Бул маалыматты анын адвокаты Айжан Орозакунова “Азаттыкка” ырастады. Жактоочу анын 30-ноябрда соттун чечими менен дарыланууга жатканын белгилеп, кайсы ооруканада экенин айткан жок. Ал Артыкбаев абакта отурган кезде эки-үч жолу дарыгер чакыртылганын кошумчалады.
Артыкбаевдин абактан ооруканага которулганын УКМКнын басма сөз кызматы да ырастады.
Арткыбаев быйыл жайында Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда дарыланып чыккан. Дарыгерлер эл өкүлүнүн жүрөгү ооруганын айтып, ага "аритмия, астма" деп диагноз коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан.
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. (КЕ)