Жогорку Кеңеште «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» деген темада илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Ага парламент депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана "Манас" таануу жаатындагы адистер катышууда. Бул иш-чара залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына, Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына да арналууда.
Конференция жүрүшүндө окумуштуулар эпосту сактоо, жайылтуу жана мурастарын изилдөө боюнча баяндамаларды окуп жатышат.
“Манас” эпосунун күнү 2015-жылы 27-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Жогорку Кеңештин сунушунун негизинде, өкмөттүн токтому менен негизделген.
Башкы максат - эпосту сактоо, даңазалоо, "Манас" таанууну жайылтуу жана манасчыларды мамлекеттик колдоого алуу.
2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. (BkA)