Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Терек-Сайда дагы бир тургунду милиция кармап кеткени кабарланды


Терек-Сайдагы митинг учурунда тартылган сүрөт.
Терек-Сайдагы митинг учурунда тартылган сүрөт.

Чаткалдагы Терек-Сай айылында нааразылык акциясына чыккан Юлдаш Даминовду милиция кармап кетти. Бул тууралуу анын жубайы Чынар Чоткараева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Даминовду 3-декабрь күнү кечинде кармап, облустук милиция башкармалыгына алып кетишкен.

“Жолдошум элдин талабын бийликке жеткирип, Бишкекке чейин барып алтын кенине байланыштуу маселелерди көтөрүп келген. Азыр аны облустук ички иштер башкармалыгына алып кетишкенин айтып жатышат. Эмне себептен кармалганы бизге белгисиз», - деди Чоткараева.

Учурда бул маалыматты облустук милиция ырастай элек.

Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтиргени кабарланган. Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну 3-декабрда айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.

3-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өкмөткө кайрылып, Чаткалдагы кырдаалга көңүл буруп, чатакты ырбатпоого чакырган. (BkA/RsK)

XS
SM
MD
LG